Бишкектин Гоголь менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди    

28-май күнү саат 15:30 чамаларында Бишкек шаарынын Гоголь жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде ИИМдин 5-башкы башкармалыгы тарабынан ЖАМКнын түзөтүү абагынын жетекчиси жана ушул эле мекеменин кызматкери кармалган эле. Бул окуяга биз да күбө болгонбуз. Бирок алар толук маалымат беришкен эмес. 

Бул боюнча Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы "27-май күнү Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгына Н.О. аттуу жаран өз арызы менен кайрылган. Анын арызында качып жүргөн жакынын камакка алабыз деп коркутуп, 40 миң сом өлчөмүндө акча талап кылып жаткан ЖАМКтын кызматкерлерине карата чара көрүү өтүнүчү айтылган" деп билдирди.

Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин З13-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, 28-май күнү ыкчам иликтөө тобу Бишкектин Гоголь менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде 20 миң сом (талап кылган акчанын жарымын) алып жактан жеринен ЖАМКтын №38-түзөтүү абагынын убактылуу жетекчиси жана ушул эле мекеменин кызматкери кармалды.

Колго түшүрүлгөндөр Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Salimboy
2014-05-30 12:31:34
Молодец камагыла баарын паракорлордун
0
demo009
2014-05-30 22:27:23
Ачпайт го
+1
arzigul89
2014-05-31 09:46:20
demo009, google дан кирсен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан