Жарандар административдик жоопкерчилик тартуу үчүн камакта отурбай, коомдук жайларды тазалоо иштерине жардам берет

Кыргызстанда эми тартип бузуучулар муниципалдык бийликке айлана-чөйрөнү тазалоо үчүн жардам берет. Белгилүү болгондой, президент Алмазбек Атамбаев кол койгон Административдик жоопкерчилик боюнча кодекске киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, мурда административдик жоопкерчилик үчүн каралган 5 күндөн 15 күнгө чейинки абакка камоо тартиби, коомдук иштерге тартуу болуп өзгөртүлдү. Административдик жоопкерчиликке тартылган жарандар эми жумуш убактысынан же окуудан сырткары учурда айлана-чөйрөнү тазалоого жардам берет. Алардын эмгектери коом үчүн акысыз болот. Жергиликтүү бийлик менен милиция кызматкерлери коомдук жумуштун аткарылуусун көзөмөлдөшөт. Мыйзам 2013-жылдын жазында күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан