2014-жылдын 27-майында Орусиядагы Кыргызстандын элчилигине М.Т. аттуу жаран кайрылган. Анда ал каза болгон кыргыз жаранынын сөөгүн мекенине жеткирүү боюнча жардам сураган. Каза болгон жарандын жансыз денеси 26-майга караган түнү Орусиянын Мытищи шаарында табылган. Ал Жалал-Абад облусунун 1986-жылы туулган тургуну болгон. Шаардык полиция кызматкерлеринин маалыматына караганда, каза болгон жарандын өлүмүнө айылдашы шектелүүдө. Учурда анын сөөгү мекенине жөнөтүлдү. Бул тууралуу 29-майда элчиликтен билдиришти.