Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев 2013-жылы 1 миллион 070 722 сом маяна алган. Маалымат депутаттын бир жылдык кирешеси жана үй-мүлкү тууралуу тапшырган декларациясында көрсөтүлдү. Депутаттын жакындарынын жылдык кирешеси тууралуу маалымат берилген жок.
Айта кетсек, мамлекеттик кызматкерлердин кирешеси боюнча декларация тапшыруу мөөнөтү 2014-жылдын 1-майында бүткөн.