Нарын облусунда жол кырсыгы катталып, 3 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 30-майда билдирди.
Маалыматка караганда, Кочкор районунун Жаңы-Жол айылында Ниссан Серена үлгүсүндөгү автоунаа алдынан чыккан Фольксваген үлгүсүндөгү автоунаадан качам деп аны артынан сүзүп, аңтарылып кеткен. Куткаруучулар Ниссан Серена үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу 1970-жылы туулган Жыргал Каримовду алып чыгышып, “Тез жардам” кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми Ниссан Серена үлгүсүндөгү автоунаанын жүргүнчүсү 2000-жылы туулган Кубат Молдобеков жана Гольф 2 үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу 1982-жылы туулган Эльдиярдын абалдары жакшы.