Чоң Чүй каналына түшүп кеткен унаанын айдоочусу каза болду

Чоң Чүй каналына түшүп кеткен унаанын айдоочусу каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 30-майда билдирди.

Маалыматка караганда, 29-май күнү саат 12:40 чамасында 1965-жылы туулган М.Асылбеков ВАЗ-2106 унаасын башкара албай калып, Чоң Чүй каналына түшүп кеткен. Анын кесепетинен айдоочу каза тапкан. Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, куткаруу шаймандарынын жардамы менен унааны каналдан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан