Египетте өткөн президенттик шайлоодо Фаттах аль-Сиси утуп чыкты

Египетте өткөн президенттик шайлоодо өлкөнүн мурдагы аскер башчысы Абдель Фаттах аль-Сиси жеңишке жетти. Абдель Фаттах аль-Сиси шайлоочулардын 93 пайызынын добушун алганы жарыяланып, Египет эли түнү менен майрамдап чыкканын чет элдик маалымат булактары жарыялашты.

Маалыматка таянсак, экинчи талапкер Хамдин Сабах шайлоочулардын 3 пайызынын добушун алган. 

Добуш берүүгө 54 миллион шайлоочунун 30 миллиону катышканы айтылды.

Европа парламентинен келген байкоочулар: “Шайлоо таза, эркин маанайда өттү. Негизинен Египет бийлиги шайлоону эки гана күнгө белгилеген болчу. Бирок эл добуш берүүгө аз келип жатканынан үч күнгө узартуу чечимине келишти”,- деп билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан