КРнын Премьер-министри
Жоомарт Оторбаев бүгүн, 30-майда Минск шаарында өтүп жаткан Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын отурумуна катышууда.
Отурумда КМШга мүчө мамлекеттердин ортосундагы экономикалык, маданий, гуманитардык жана медициналык багыттагы 23 маселе каралат. Анын ичинде 2020-жылга чейин улуттук оюндарды өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү да бар.
"КРнын Өкмөтү 2015-2017-жылдарга карата бир катар долбоорлорду иштеп чыгып, тогуз коргоол, алыш, кулатуу, салбуурун боюнча эл аралык мелдеш, фестивалдарды өткөрүүнү пландап жатат. Белгилей кетсек, бүгүнкү иш-чаранын алкагында КРнын Бажы биримдигине кирүүдөгү жол картасын талкуулоо да бар" деп айтылат өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматында.