Бишкек шаарында 50 бейтапка ылайыкталган жаңы оорукананын курулушу башталат. Мэриянын билдиришинче, имаратты курууга борбор шаардын Фучик көчөсүнөн 0,52 гектар жер тилкеси бөлүнгөн. Мэрия тарабынан курулуштун инженердик-техникалык шарттары боюнча тиешелүү документтер даярдалып бүтүп, оорукананын курулушунун долбоорлоо жана куруу иштерин жүргүзүүгө тендер өткөрүлдү. Оорукананын курулушу Түркия өкмөтүнүн колдоосу менен ишке аша турганы айтылды.