Жогорку Кеңештин депутаттары Дамира Ниязалиева менен Роза Акназарова 30-майдан 1-июнга чейин “Стамбул саммити: 2015-жылдан кийинки мезгилде БУУнун "Өнүктүрүү" программасына аялдардын көз карашы” аталышындагы эл аралык саммитке катышат. Муну 30-майда ЖКнын маалымат кызматы билдирди.
Стамбулда өтө турган саммиттин башкы максаты - 2015-жылдан кийин БУУнун миң жылдык өнүктүрүү максаттарына салым кошуу, дүйнө жүзү боюнча ар кандай коомчулуктардын маалымдуулугун жогорулатуу жана аялдардын демилгелери үчүн аянтча түзүү. Иш-чарада “Аялдар менен кыздар үчүн БУУнун миң жылдык өнүктүрүү максаттарын ишке ашыруудагы көйгөйлөр жана жетишкендиктер” темасы да талкууланмакчы.