Ош шаарындагы ресторандардын биринде өрт чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, шаардагы Ленин көчөсүндө жайгашкан З.Жоробаевага тийиштүү болгон «Мега Нур» ресторанынан өрт чыгып, жыгач устундуу, темир менен жабылган чатыры, жумшак эмереги, эшик-терезелери, ашкананын чатыры, идиш-аяктары күйгөн.
Учурда өрттүн себеби такталууда.