Бишкекте жашы жете элек өспүрүм “алтын буюмдарды уурдаган” деп шектелүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 30-майда билдирди.
Маалыматтарга караганда, Бишкек шаарынын тургунунун үйүн белгисиз адам атайын ачкычтар менен ачып, алтын буюмдарын уурдап кеткен. Ыкчам аракеттердин натыйжасында жашы жете элек өспүрүмдөр менен иш алып баруу инспекциясынын кызматкерлери тарабынан Гульфия аттуу өспүрүм аталган кылмышка шектүү катары кармалган. Учурда иликтөө иштери улантылууда.