Талас облусундагы “Шыраалжын” кениндеги кырдаалды ведомстволор аралык комиссия 1-июлга чейин иликтеп чыгат. Муну Геология жана минералдык ресурстар агенттиги билдирди. Комиссияны аталган агенттиктин башчысы Дүйшөнбек Зилалиев жетектегени белгилүү болду.
Комиссия бир айдын ичинде төмөнкү иштерди жасайт:
“Шыраалжын” алтын кенинде “Ти Жен Хун” жана “Алтын Күмүштак Майнинг” компанияларынын иш жүргүзүүсүнө изилдөө жүргүзүү;
Аймактагы жер кыртышына, сууга жана абадагы радиациялык фонго анализ жүргүзүү;
Кен чалгындоо иштеринин жергиликтүү калкка, үй жаныбарларына жана жаратылышкан тийгизген таасирине баа берүү;
Аталган комиссиянын алдында экологиялык, медициналык жана ветеринариялык 3 жумушчу топ түзүлгөнү айтылды.
Эске салсак, буга чейин аталган кендеги чалгындоо иштерине нааразы болгон жергиликтүү тургундар менен укук коргоо кызматкерлеринин ортосунда кагылышуу чыккан. Кендеги кырдаал дыкат иликтене турганын премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдирген эле.