Бүгүн, 12-январь күнү президент Алмазбек Атамбаев Ош шаарында кылмышкерлердин огунан каза тапкан милициянын полковниги Толкунбек Шоноевдин үй-бүлөсүнө жардам катары 100 миң сом бөлдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Каражат президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондунан бөлүндү. Милициянын полвониги, түштүк аймагы боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын башчысы Т.Шоноев 11-январь күнү кечинде, үйүнүн жанында белгисиз бирөөлөр атып кетип каза болду. Учурда бул кылмыш боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.