Төө-Ашууда урап түшүп калган ангарды курууда мыйзам бузуулар катталган. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 30-майда билдирди.
Маалыматтарга караганда, Бишкек-Ош жолундагы ангарды куруу мыйзам бузуулар менен коштолгон. Алсак, тендердик сатып алуулар тиешелүү эсеп-чоттук документтери жок жүргүзүлгөн.
Ангар колдонууга берилгенден 4 айдан кийин урап түшүп калган. Адистердин айтымында, курулуш иштеринин сапатсыз аткарылышы жана климаттык өзгөчөлүккө көңүл бурбай койгондук ангардын бузулуусуна алып келген. Жыйынтыгында мамлекетке 2 миллион 100 миң сом зыян келтирилген.
Учурда аталган маселелер боюнча Башкы прокуратура тарабынан №9-Жол-курулуш ишканасынын жетекчилигине карата “КРнын кызыкчылыктарына каршы келишим түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу” жана “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери менен кылмыш иши козголду.