Парламенттеги КСДП фракциясы Сотторду тандоо кеңешинин мүчөлүгүнө 3 талапкерди жактырды. Мындай чечим фракциянын 30-майдагы жыйынында кабыл алынды. Добуш берүүдө талапкер Рустамбек Исаев 16 добуш, Шамарал Майчиев 21 добуш, Жылдыз Сайдылдаева 14 добуш алды.
Фракциянын кароосуна аталган кызматка 14 талапкер сунушталган эле.