Алайда Эркеч-Там унаа жолун бууган жерде 60ка жакын жүк ташуучу унаа токтоп турат

Алай районунун Сопу-Коргон айылынын Эркеч-Там унаа жолунда ЖКнын депутаты Ахматбек Келдибековдун тарапкерлери үч күндөн бери жолду бууп турушат. Учурда 60ка жакын жүк ташуучу унаа токтоп турат. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Учурда нааразычылык акциясы өтүп жаткан жерде 50гө жакын милиция кызматкери коомдук тартипти көзөмөлдөшүүдө. Жол тоскон фактыдан башка одоно тартип бузуулар катталган жок.

Айта кетсек, жол тоскондорго карата 27-май күнү Алай РИИБи тарабынан өзүм билемдик фактысы менен кылмыш каттоо китепчесине катталып, тиешелүү материалдар топтолууда жана нааразычылык акциясын уюштуруучулардын 14үнө административдик айып салынган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
samar82
2014-05-30 13:21:22
Жол тоскону туура эмес болуптур, а жогоруда олтурган атка минерлер акыбалды курчутпай чечишбейби тезинен.
+1
mirbakg
2014-05-30 13:34:15
Эми жолду эмнеге тосот билип Турам антпесе жогор жактагылар Силерге конул бурбайт эми бечара айдоочуларда эмне куноо алар ал жерде турганда аларды семьясын ким багат алып бараткан момо жемиши болуп алар бузулса чыгымын ким толойт айланайындар барып ХХХ ХХХ ХХХ.... ошондо майнап чыгат
0
admin_portal
2014-05-30 14:11:53
mirbakg - эскертүү!
Провокацияга жол берилбейт!
0
Stalker-007
2014-05-30 15:09:04
Жол тоскондор ушунча эгосит экенсинер. Бир чиновник учун карапайым канча элди кыйнап жатасынар. Келдибековго ошончо куйсонор, келип дарысына акча чогулутуп бергиле же болбосо жанына келип карап турбайсынарбы. силерди ким кой деп атат.
-1
kanat07
2014-05-30 17:57:06
stalker_007.tuura aitat menda koshulam buga
0
Aitunuk
2014-05-30 18:08:04
Жол тоскондордун айынан жабыркаган ишкерлердин чыгымын Келдибековдун эсебинен төлөтүп бериш керек, ошондо башкаларга (бекерчилерге, ОБОНдорго) акча берип жол тостурбай калат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан