Турсунбек Акун: “Полковниктин өлтүрүлүшү кримдүйнө менен активдүү күрөшүү керектигин көрсөттү”

"Ош шаарындагы милициянын полковниги Толкунбек Шоноевдин өлүмү өлкөдө криминалдык абал курч экендигин, кримчөйрө бийликтин кылмыштуулукка каршы аракетине активдүү каршылык көргөзүп жаткандыгын далилдеди". Мындай пикирин бүгүн, 12-январда акыйкатчы Турсунбек Акун билдирди. Акыйкатчы өз кезегинде маркумдун жакындарына, үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтты. “Бакиевдин бийлиги тушунда бир катар мамлекеттик, коомдук кызматкерлерди өлтүрүүлөр болгон. Андан кийин токтогон, кайрадан ИИМдин жогорку даражалуу кызматкерине кол салуу болду. Биз токтоосуз уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүбүз керектигин көрсөттү”, - дейт Акун. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан