Ош шаарындагы Облустук кургак учукка каршы күрөшүү ооруканасында Балдарды коргоо күнүнө карата майрамдык иш-чара өттү. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.
Ага өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков катышып, анда дарыланып жаткан балдарга белектерди, ошондой эле материалдык техникалык базасын чыңдоо үчүн компьютердик жабдыктарды тапшырды. Андан тышкары облус башчысы аталган оорукананы оңдоп-түзөө ишине облустук бюджеттен акча бөлүп берүү убадасын берди.
Айта кетсек, учурда облустук ооруканада 120 бала окуп-дарыланып жатат.