Бишкекте бүгүн, 30-майда Балдарды коргоо күнүнө карата балдардын жана өспүрүмдөрдүн республикалык “Сейтек” борборунда коомдук мекемелердеги, калыбына келтирүүчү борборлордогу жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 630 балага концерттик программа тартууланып, балмуздак жана башка таттуу белектер тапшырылды.
Аталган иш-чарага Чернобыль кырсыгын жоюуга катышкандардын балдары да күбө болушту. Аларга жагымдуу концерттик программа тартууланды.
Борбордун вице-мэри Айгүл Рыскулова өз сөзүндө иш-чарага келген бардык балага чың ден соолук каалап, алардын балалык күндөрү ар дайым ата-энелеринин жанында өтсүн деп каалоо-тилек айтты.
“Балдарыбызды 1-Июнь - Балдарды коргоо күнүндө гана мээримибизди төкпөстөн, аларга күн сайын өз камкордугубузду көрсөтүп, аларга өз сүйүүбүздү тартуулашыбыз керек. Өзгөчө ыраазычылыгымды ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелерине айткым келет. Сиздердин эмгегиңиздер зор”, - дейт А.Рыскулова. Иш-чарага шаардык бюджеттен 250 миң сом каражат сарпталганы маалым болду.