Каржы министрлиги: 2014-жылы ички тамеки өндүрүүдөн 500 миллион сомдон ашуун каражат түшөрү күтүлүүдө

Каржы министрлиги 2014-жылы ички тамеки өндүрүүдөн 528,2 миллион сом түшөрүн болжолдоодо. Бул туурасында бүгүн, 30-майда басма сөз жыйынында Каржы министрлигинин Салык саясаты башкармалыгынын жетекчиси Алмаз Кочкоров билдирди.

Маалыматка ылайык, эгерде өндүрүш көлөмү сакталса, жыл аягында өндүрүүдөн 528,2 миллион сом түшөрү күтүлүүдө. Ал эми анын канчалык деңгээлде аткарылары жыл жыйынтыгы менен дайын болот.

“Тамеки продукциясына карата акциздик салык баасын жогорулатуу коомчулук, ишкерлер менен макулдашылган. Биздин аталган болжолдор ишке ашат деген үмүтүбүз бар, ал эми тамекинин баасын жогорулатуу чаралары бүт дүйнө боюнча жайылтылууда",- дейт Кочкоров.

“Учурда салык саясатын жакшыртуу боюнча долбоор даярдалган жана 2016-жылдан тарта бул багыттагы саясат өзгөрүүгө дуушар болот”,- деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
sher89
2014-05-30 18:31:44
Жожону куздо сана
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан