Кыргызстанда 2016-жылдан баштап тамекинин баасы Бажы бирлигинин аймагындагы өлкөлөрдөгү деңгээлге теңделет

Кыргызстанда тамекиге карата баалар акырындык менен өсөт. Бааларды жогорулатуу 2013-2016-жылга чейин жүрөт. Ал эми 2016-жылдан баштап Бажы бирлигинин аймагындагы өлкөлөрдөгү деңгээлге теңдештирилмекчи. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда басма сөз жыйында Каржы министрлигинин Салык саясаты башкармалыгынын башчысы Алмаз Кочкоров билдирди.

Маалыматка ылайык, акциздик салык ден соолукка зыян келтирүүчү жана ыгы жок каражатты талап кылган буюмдарга карата киргизилет. Тамекиге каршы күрөш боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте иш жүрүп, ага карата акциздик бааны жогорулатуу чечими кабыл алынган.

“Мындай продукция өндүрүүдөн мамлекетке чоң пайда түшүп турат. Ошондуктан ата мекендик өндүрүшчүлөрдү жана иш орундарын сактап калуу максатында баа саясатын акырындык менен ооруксунтпай киргизүү максаты коюлууда”,- дейт А.Кочкоров.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан