Борбор калаада "канализациялык кудуктун капкагын уурдаган" деген шек менен 2 жаран кармалды

Жалал-Абад облусунун эки тургуну "борбор калаада канализациялык кудуктун капкагын уурдаган" деп шектелишүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 30-майда билдирди.

Маалыматтарга караганда, Бишкек шаарынын Мирбек аттуу тургуну укук коргоо кызматкерлерине кайрылып, Бөкөнбаев жана Жаш Гвардия көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар канализациялык кудуктун капкагын уурдап кетишкендигин кабарлаган. Ыкчам иликтөөлөрдүн натыйжасында аталган кылмышка шектүү катары Жалал-Абад облусунун Исабек жана Эрлан аттуу тургундары кармалып, бул иш боюнча иликтөө башталды. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zezim2000
2014-05-30 17:05:52
урматтуу укук коргоо кызматкерлери мамлекеттин байлыгында уурдагандарды ыкчам иликтөөлөрдүн натыйжасында кармасанар жакшы болмок .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан