Бишкек. Ботаникалык бакчаны сугаруу көйгөйү чечилбей жатат

Жогорку Кеңештин депутаттары Майрамкүл Тиленчиева, Айнуру Алтыбаева жана Айымдар клубунун өкүлдөрү бүгүн, 30-майда Бишкектеги Е.Гареев атындагы Ботаникалык бакчанын абалы менен таанышып, бакча кызматкерлеринин көйгөйлөрүн угушту. Муну ЖКнын маалымат кызматы билдирет. 

Кызматкерлердин айтымында, 500дөн ашуун ар кандай өсүмдүктүн түрү өстүрүлүп жаткан бакчанын ирригациялык тутумундагы көйгөйлөр же сугат суусу менен камсыз кылуу маселеси чечилбей жатат. Күнөскана жабдууларын жаңыртуу зарыл экени да айтылды. Депутаттар айтылган көйгөйлөрдү өкмөттүн астына коюп, алардын чечилиши талкууланарын, Ботаникалык бакчанын ишин жакшыртууга мындан ары дагы көмөктөшөрүн билдиришти. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан