Ленин райондук администрациясы Балдар күнүнө карата 700гө жакын балага иш-чараларды уюштурду (фоторепортаж)

Бишкекте бүгүн, 30-майда Ленин районунун аймагында жашаган Апрель окуяларынын катышуучуларынын, Чернобыль кырсыгын жоюуга катышкандардын, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жана жетим балдар үчүн “Фламинго” сейил багында майрамдык иш-чаралар уюштурулду. Ага жалпысынан 700гө жакын бала катышты.

Анда концерттик программа уюштурулуп, балдар көтөрүңкү маанайда болушту. Эл көп болгондуктан, айрымдары адашып кетип, ыйлап да калып жатышты.

“Ленин районунун аймагында жашаган 700гө жакын балага майрамдык иш-чаралар уюштурулду. Чакырылган балдар аталган сейил бактагы аттракциондорго бекер түшүп, балмуздак жана башка жагымдуу нерселерге күбө боло алышат”,- дейт Ленин районун акими Ырысбек Мааткабылов.

Ар бир балага атайын даярдалган 500 сомдук таттуулар тартууланды. Ал эми иш-чарага райондук бюджеттен 350 миң сом сарпталды.

Маалыматка ылайык, аталган райондун аймагында жалпы 8 миңге жакын бала жашайт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан