Орусия миграциялык кызматы Бишкекте "Паспорт-визалык тейлөө" ишканасынын филиалын ачууну сунуштады

Кыргызстандын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинде 30-майда Орусиянын Федералдык миграция кызматынын төрагасы Константин Ромодановский менен жолугушуу болуп өттү. Анда тараптар Орусияда КРнын Миграция министрлигинин өкүлчүлүгүн ачуу маселеси каралды. 
Ошондой эле Бишкекте Орусия миграциялык кызматынын "Паспорт-визалык тейлөө" ишканасынын филиалын ачуу сунушу талкууга алынды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Мындан сырткары эмгек мигранттарын кабыл алуудагы уюштуруу иштерин биргеликте алып баруу, Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган жарандарды тизмеден чыгаруу боюнча мекемелер аралык комиссиянын ишин карап чыгуу жана бул багытта кызматташуу талкууга алынды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан