Маалыматка ылайык, Ахунбаев көчөсү боюнча оңдоп-түзөө иштери Кутманалиев көчөсүнөн тарта Дзержинск көчөсүнө чейин жүргүзүлүүдө. Ошондой эле чуңкурларды оңдоо иштери Каракол шаарынын борбордук көчөлөрүндө дагы аткарылат. Буга кошумча Карл Маркс көчөсү, Абдрахманов көчөсүнөн Ысык-Көл көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн экинчи катмарын асфальттоо иштери жүргүзүлөт.