Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Ж.Бөкөнбаев атындагы балдар үйүндө Балдарды коргоо күнүнө карата кайрымдуулук акциясы болуп өттү. ТИМдин Профсоюздар комитети тарабынан балдарга белектер, кийим-кечек жана оюнчуктар тапшырылды.
Иш-чарага өкмөттүн облустагы өкүлү Ж.Жээнбеков, Тышкы иштер министрлигинин өкүлчүлүгүнүн жетекчилери катышышып, тарбиялануучуларды жана балдар үйүнүн директору Б.Маматованы "Баатыр эне" наамын алышы менен куттуктады.
Саамалык аталган мекеменин балдары тарабынан даярдалган концерттик программа менен соңуна чыкты. Бул тууралуу 30-майда ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.