Саламаттыкты сактоо министрлиги аймактардагы саламаттыкты сактоо мекемелеринин жетекчилигинин бош орундарына сынак жарыялады. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Жарыяланган бош орундар: Чүй облустук СПИДдин алдын алуу жана күрөшүү борборунун башкы дарыгери, Нарын облусунун Жумгал районундагы Мамлекеттик санитардык жана эпидемиологиялык көзөмөл жана оорулардын алдын алуу борборунун башкы дарыгери, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы стоматологиялык оорукананын башкы дарыгери, Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы стоматологиялык оорукананын башкы дарыгери, Ош облусундагы ымыркайлар үйүнүн башкы дарыгери, Нарын облусунун Ат-Башы районундагы аймактык оорукананын директору.