Бишкекте сойкулук менен алектенүүгө шартталган көмүскө жай табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 30-майда билдирди.
Маалыматтарга караганда, Бишкектеги эс алуучу жайлардын биринде интимдик кызмат көрсөтүлүп турган. Бишкек ШИИББинин Коомдук адепке каршы келген кылмыштардын алдын алуу боюнча башкармалыгы аталган жайды жаап, Анастасия аттуу администраторун кармашкан. Учурда аталган окуя боюнча “сойкулук жасоо үчүн жайларды уюштуруу же күтүү” беренеси менен кылмыш иши козголду.