Бүгүн, 30-майда Ош технологиялык университетине Кытайдын "Guilin" мамлекеттик технологиялык университетинен өкүлдөр келишти. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, ага "Guilin" мамлекеттик технологиялык университетинин Эл аралык борборунун директору, ички байланыштар боюнча проректору, профессор Чен Винган жана чет элдик студенттер менен иштешүү борборунун жетекчиси Ма Вингин катышты.
Келген коноктор алгач ОшТУнун ректору, профессор Абдыкадыр Абидов менен жолугушуп, маек курушту. Андан соң ОшТУнун структуралык жетекчилери жана декандары менен жолугушуп, "Guilin" мамлекеттик технологиялык университети тууралуу кенен маалымат берип, окуу жайдагы билим берүүнүн инновациялык технологиясы жана методикасы тууралуу айтып берди.
Келген коноктор окуу жайдын материалдык техникалык базалары менен таанышып чыкккан соң “Силердин окуу жай даярдаган адистиктер биз даярдаган адистиктерге окшош экен. Эми мындан ары эки окуу жайдын достугун бекемдеп, силер менен кызматташууга биздин окуу жай кызыкдар” дешти. ОшТУнун ректору Абдыкадыр Абидов келген коноктордун башына кыргыздын ак калпагын кийгизип, ыраазычылык айтып, эми мындан ары Ош технологиялык университети "Guilin" мамлекеттик технологиялык университети менен терең кызматташарын билдирди.