"Кең-Булуң" бажы өтмөгүндө 2 миллион сомго бааланган тери аткезчилик менен өткөрүлүп баратканы аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы бүгүн, 30-майда билдирди.
Маалыматтарга караганда, 2 миллион сомго бааланган мүйүздүү малдын териси жүк ташуучу унаада жүктөлүп, аткезчилик менен чек арадан өткөрүү аракети көрүлгөн. Бирок көрүлгөн аракеттердин натыйжасында жүк ташуучу унаанын айдоочусу убактылуу кармоочу жайга камалып, кылмыш иши козголду.