Чүй районунда сууга чөгүп кеткен 7 жашар бала табыла элек. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 30-майда билдирди.
Маалыматка караганда, 29-май күнү 3 суучул жана туугандарынан 30 адам издөө иштерин жүргүзгөн. Бирок натыйжа болгон эмес.
Эске сала кетсек, 25-май күнү саат 18:55 чамасында Чүй районунун Дөң-Арык айылында 2007-жылы туулган Бекжан Жапаров Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен. Ошол убактан бери издөө иштери жүргүзүлүп келүүдө.