Жогорку Кеңештин 4-5-июнь күндөрүндөгү жыйындарынын күн тартиби бекитилди

Бүгүн, 30-майда Асылбек Жээнбековдун төрагалыгы астында өткөн Жогорку Кеңештин Координациялык кеңешинде парламенттин 4-5-июнь күндөрүндөгү жыйындарынын күн тартиби бекитилди.

Жогорку Кеңештин 4-июндагы жыйынында “Юридикалык жактарды, филиалдарды мамлекеттик каттоо жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу”, “КРнын Президентин жана КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КРнын конституциялык мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу”, “КРнын судьяларынын статусу жөнүндө” КРнын конституциялык мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорлору каралат.

5-июндагы парламент жыйынында “КРнын шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу”, “КРнын бажы тарифи жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорлорун жана башка мыйзам долбоорлору каралмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан