Ысык-Көл облусунда кара тумоого каршы 100дөн ашуун атайын кийимдер таратылды

Ысык-Көл облусунун аймагындагы райондорго, Балыкчы, Чолпон-Ата, Каракол шаарларында кара тумоого каршы 150дөн атайын кийимдер таратылды. Бул тууралуу жергиликтүү өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган аймакка Саламаттыкты сактоо министрлиги 15 тонна дуст бөлүп берген. Учурда 5 тонна өлчөмүндөгү биринчи партия Каракол шаарына келди. Аны менен бирге 1300 даана бир колдонуучу костюмдар да алынып келинген.

Өткөн аптада Караколго Орусиядан “Абсолют” деген аталыштагы дуст жана аны себүү учурунда кара тумоо оорусунан коргоо үчүн бир колдонуучу атайын кийимдер да алынып келди. Атайын кийим костюм комбинезон, кол кап, көз айнек жана башка жабдуулардан турат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан