Бүгүн, 30-майда президент Алмазбек Атамбаев Орусиянын Федералдык миграция кызматынын жетекчиси Константин Ромодановскийди кабыл алды. Жолугушууда эки өлкөнүн миграциялык мекемелеринин кызматташтыгы, Кыргызстандын Еевразия аймагындагы интеграциялык процесстерге катышуусунун алкагындагы өз ара кызматташууну кеңейтүү маселелери талкууланды.
Кыргызстандыктардын Орусияда жүрүү шарттары жана алардын эмгек ишмердүүлүгү боюнча да сөз болду.
“Кабыл алганыңыз жана шериктерибиз менен сүйлөшүп алуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирем. Биз муну баалайбыз, эки тараптуу жана ар тараптуу форматта ишибизди улантабыз. Бул өз ара аракеттенишүү, достук жана жалпы максатыбызга болгон бирдиктүү кадамдарыбыз. Биргелешкен иш жакшы натыйжа берүүдө. Жакшы көрсөткүчтөр бар: Кыргызстандын жарандары тарабынан Орусиянын аймагында жасаган кылмыштар жыл башынан бери өткөн жылга салыштырмалуу үч эсе азайды. Албетте, бул биздин биргелешкен аракетибиздин жыйынтыгы”,- деп билдирди Ромодановский.
Алмазбек Атамбаев Константин Ромодановскийге миграция саясатындагы мындан аркы кызматташтыкты жандантуу зарыл экенин айтты.