Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 30-майда Орусиянын Федералдык миграция кызматынын жетекчиси Константин Ромодановскийди кабыл алды.
Жолугушууда эки өлкөнүн миграциялык кызматташтыгынын абалы, миграциялык көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдору, Орусияда эмгектенген кыргызстандык мигранттардын укуктарын коргоо, аларга жеңилдетилген шарттарды түзүү сыяктуу маанилүү маселелер талкууланды.
Асылбек Жээнбеков Константин Ромодановскийдин иш сапар менен Кыргызстанга келиши миграция жаатындагы көйгөйлөрдүн чечилишине жол ачарын билдирди. Биргелешкен иштердин артында миграция процесси мындан 3-4 жыл мурункуга караганда бир топ алдыга жылып калганын айтты.
Ромодановский өзү жетектеген мекеме Кыргызстандагы Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги менен тыгыз кызматташып жатканына токтолду. Эки тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүү үчүн 3 келишим даярдалып жатканын айтты.