22-январда Бишкектеги интернет Wi-Fi аймагынын эмблемасы боюнча сынак жыйынтыкталат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарага Бишкектеги архитекторлор, дизайнерлер катышат.
Эскерте кетсек, аталган сынак өткөн 2012-жылдын ноябрь айында жарыяланган. Сынакта эмблеманын өңү, мааниси жана өзгөчөлүгүнө басым жасалат.