Алайда тосулган жолдун айынан "Кара-Суу" базарында баалар кымбаттоодо

Мамлекеттик маанидеги Ош - Эркеч-Там трассасынын Алай районундагы митингчилер тарабынан тосулушу Ош шаарына олуттуу зыян келтирүүдө. Муну бүгүн, 30-майда шаардык мэрия ырастады. Жолдун 3 күндөн бери буулуп турушунан аталган жол аркылуу облустун башка аймактарына баруучу карапайым жарандарга түйшүк жаралып жатат. 
Ош шаардык мэриясынын өкүлү Керимбек Калыгулов буларды кошумчалайт:
"Алайдагы жол тосуу түздөн-түз терс таасирин тийгизүүдө. Анткени ири "Кара-Суу" базарына товар келбей, баалардын өскөнү байкалууда. Кыргызстан элдер ассамблеясынын түштүк аймагындагы өкүлдөрү бул көйгөй боюнча атайын жыйын өткөргөнү жатышат. Анда жол тосууну токтотууга чакырык жасалат". 
 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан