Премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 30-майда Тажикстандын өкмөт башчысы Кохир Расулзада менен жолугушту. Өкмөт жетекчилери 2013-жылы эки өлкөнүн мамилеси активдүү саясий диалогдор менен коштолгонун белгилешти.
"Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда учурда саясий пикир келишпестик жок. Кыргыз-тажик чек арасын делимитация жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссия ишенимдүү динамикага ээ болду",- деп билдирди Оторбаев. Чек ара аймактарында жашаган тургундар арасында маданий-гуманитардык диалогду күчөтүү зарылдыгы да айтылганын бүгүн, 30-майда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Тараптар ортодогу маселелерди терең талкуулоо үчүн өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги отурумун өткөрүү керектигине токтолушту.