Асылбек Жээнбеков чек ара жаңжалы боюнча Баткен облусунан келген тургундарды кабыл алды

 12-январда ЖКнын төрагасы Асылбек Жээнбеков Сох анклавына жакын “Чарбак” айылында болуп өткөн чек ара окуясына байланыштуу келген Баткен облусунун Жаш-Тилек, Сай, Бөжөй, Таян айылдарынын тургундарын кабыл алды. Жолугушууга келгендер мамлекеттик чек араны бекемдөө, Сох анклавын айланып өтүүчү жолдун курулушу, күч түзүмдөрүнүн ишмердүүлүгүн күчтөндүрүү керектигине токтолушту. Ошондой эле Бел-Сөгөт – Өтүкчү, Сай – Сырт-Ормош жолдорунун курулушу боюнча долбоорлорду бүткөрүүнү ушул жылдын республикалык бюджетине киргизүүнү сунушташты. Баткен тургундарына жер бөлүү маселеси да айтылды. Асылбек Жээнбеков түзүлгөн кырдаал депутаттардын көзөмөлүндө экенин айтып, кырдаалды иликтөө үчүн жумушчу топ түзүлгөнүн белгиледи. Ошондой эле Баткен облусуна ЖКнын тармактык комитеттеринин көчмө жыйындары өткөрүлө турганын кошумчалады. Ал эми Баткен облусунда айланып өтүүчү жолду курууга бюджеттен каражат караларын да билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан