Октябрь райондук соту «Кыргыз алтындын» башкаруу кеңешинин төрагасы Дилгер Жапаровду 1 айга камакта калтыруу чечимин кабыл алды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту «Кыргыз алтындын» башкаруу кеңешинин төрагасы Дилгер Жапаровду 1 айга камакта калтыруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кечээ, 30-майда билдирди.

Эске салсак, Башкы прокуратура буга чейин “Кумтөр” долбоору боюнча кылмыш ишин козгогон.

Маалыматтарга караганда, 2013-жылдын 6-декабрында “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын Директорлор кеңешинин жыйыны өтүп, “Центерра Голд Инк.” ишканасына мыйзамсыз түрдө 200 миллион доллар дивиденд төлөп берүү чечими чыгарылган. Көп өтпөй акча канадалык ишканага которулуп берилген.

Учурда Дилгер Жапаров убактылуу кармоочу жайга камалып, иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jaazira13
2014-06-02 22:15:21
жапаровту жон эле крайний кылып атышат, андан корок садыр жапаровту алып келишсе туура болот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан