Жылнаама, 31-май: Мындан 12 жыл мурун Кыргызстандагы эң көп нускалуу "Супер-Инфо" гезитинин алгачкы саны жарык көргөн

* Мындан 12 жыл мурун, 2002-жылы Кылычбек Султанов негиздеген Кыргызстандагы эң көп нускалуу "Супер-Инфо" гезитинин алгачкы саны жарык көргөн. Гезитте алгач сканворд, баш катырмалар көп жазылса, убакыттын өтүшү менен пайдалуу, кызыктуу, заманбап жаңылыктар менен толукталып отурган. Көңүл ачуучу, маанайшат багытка басым жасап, кыргыз шоу-бизнесинин жаңы тепкичке көтөрүлүшүнө салым кошкон. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Кыргызстандын аймагына таркатылган басылмалардын нускасы боюнча жүргүзгөн анализи менен "Супер-Инфо" гезити 2013-жылдын алдынкы 25 гезитинин 1-катарына чыккан. Ошондой эле 2013-жылдын аягында "Супер-Инфо" гезити нускасын 120 миңден ашыруу менен өз рекордун жаңылаган.
* Мындан 79 жыл мурун, 1935-жылы Пакистандын Кветта шаарында күчү 8 баллга жеткен жер титирөө болуп, шаар толугу менен кыйрап калган. 30 миң шаар калкынын 20 миңдейи урандынын астында калып каза болсо, 4 миңдейи ар кандай жаракат алган.
* Мындан 155 жыл мурун, 1859-жылы Лондондогу Биг-Бен сааты иштей баштаган. Ал Улуу Британиянын Лондон шаарында Ыйык Стефан Вестминстер сарайында жайгашкан. Саат жебесинин узундугу 2 метр 70 сантиметр, ал эми мүнөт жебеси 4 метр 30 сантиметр. Ар бир сан 61 сантиметрди түзөт. 
 
31-майда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Samandar
2014-05-31 08:38:01
Иштеринзге ийгилик super kg
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан