Бүгүн, 30-майда Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады. Аталган документ КРнын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 24-апрелинде кабыл алынган.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө», «Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө» жана «Билим берүү жөнүндө» мыйзамдарын «Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык келтирүүгө багытталган. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.