Бүгүн, 30-майда КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон жарлыкка ылайык, манасчы Жусуп Мамайга «Ак шумкар» өзгөчө белгиси тапшырылды.
"Улуу "Манас" эпосун жана башка эпикалык чыгармаларды сактоо ишине кошкон өзгөчө салымы, ошондой эле Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастарын байытууга сиңирген зор эмгеги үчүн манасчы Жусуп Мамайга «Ак шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды" деп айтылат президенттин басма сөз кызматынын маалыматында.