28-30-май күндөрү Уфа шаарында өткөн «Урал моңо-2014» Эл аралык музыкалык сынагында кыргызстандык ырчы Курал Чокоев 1-орунга ээ болду. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда медиа менеджер Авланбек Жумабаев "Фейсбуктагы" баракчасына сүйүнчүлөп жазып чыкты.
"Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева бул даражалуу сынактын калыстар тобуна мүчө болуп барган. Ал эми сынакка катышуу үчүн Кыргызстандан ырчылар да кеткен болчу.
Азыркы алынган маалыматтар боюнча, Курал Чокоев деген таланттуу, жаш ырчы инибиз биринчиликти жеңип алыптыр. Ушул учурда сыйлык тапшыруу аземи өтүп жатат. Менин сүйүнчүм ушуну менен чектелбейт. Айбек Саралаев аттуу ырчы жигитибизге 2-орун ыйгарылыптыр",- деп жазылат Авланбектин маалыматында.
Белгилей кетсек, бул жылы аталган сынакка Түркия, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, ошондой эле Орусия Федерациясынын республикалары: Алтай, Дагестан, Татарстан, Тыва, Хакасия, Саха (Якутия), Кабардин-Балкария, Карачай-Черкессиянын таланттары катышкан.