"Москва шаарында гастарбайтерлер бири-бирин балка менен уруп мушташып кетишти. Бирок жабырлануучулардын бири да полиция кызматкерлерине арыз менен кайрылган эмес". Мындай маалыматты бүгүн, 30-майда орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Орусиянын борбору Москва шаарында Өзбекстандын жана Тажикстандын жарандарынын ортосунда чыр чыгып, алар бири-бирин курулуш аспаптары менен урушкан. Бул окуяга күбө болгондор алардын мушташын видеого тартып, 26-майда интернетке жарыялашкан.
Уруш бат эле аяктагандыктан, полиция кызматкерлери келип кармаганга жетишкен эмес. Мындай чыр тууралуу эч кандай арыз түшпөгөнүн Москва ШИИББинин басма сөз кызматы да тастыктаган.