Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 30-майда Түркмөнстандын вице-премьер-министри Аннамухамед Гочиев менен жолугушту. Жолугушууда өкмөт башчы менен вице-премьер экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Муну 30-майда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Тараптар аймактык долбоорлорду өнүктүрүү жана товар айландыруунун көрсөткүчүн жакшыртуу үчүн потенциал жогору экендигин да белгилешкени айтылды.