Кечээ, 30-майда кечке жуук Бишкектеги Токтоналиев көчөсүндө катуу шамалдан улам дарак адам өтүүчү жолго кулап түштү. Кырсыктын кесепетинен жаракат алгандар болгон жок. Учурда сынган дарак алына элек. Мындан улам адам өтүүчү жол тосулган бойдон турат.
Эскерте кетсек, ушул эле күнү катуу шамалдан дарак аялдамага кулап, кырсыктан бир адам каза тапкан.