Ысык-Ата районунда жол кырсыгы катталып, 9 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 31-майда билдирди.
Маалыматка караганда, 30-май күнү саат 18:23 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунун 13-чакырымында Хундай үлгүсүндөгү унаа менен Ауди 100 унаасы сүзүшкөн. Анын кесепетинен кырсык болгон жерде 7 адам, ооруканада 2 адам каза болгон. Жол кырсыгы болгон жерге куткаруучулар барышып, каза болгон адамдардын жансыз денелерин унаалардын ичинен чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.